Биз социалдык тармакта

Трамп менен Путиндин жолугушуусу аскер базасында өтөрү айтылды

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин Аляскада пландалган жолугушуусу Элмендорф-Ричардсон аскер базасында болорун CNN телеканалы маалымат булактарына таянып билдирди.

Телеканал уюштуруучулар штатта саммитти өткөрүүгө ылайыктуу деп Анкоридж шаарын тандашканын белгилейт. Ал эми шаардын түндүк четинде жайгашкан Элмендорф-Ричардсон аскер базасы тарыхый жолугушууну өткөрүү үчүн талаптарга жооп берет деген тыянакка келишкен.

Айта кетсек, америкалык жана орусиялык лидерлердин жолугушуусу 15-августта болору күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан