Германиянын Кель шаарында 84 жаштагы улгайган аялды зордуктап өлтүргөн деген айып менен 23 жаштагы немис жараны камакка алынганын чет элдик басылмалар жазышты.
Маркумдун сөөгү үйүндөгү уктоочу бөлмөдөн таанышы тарабынан табылган. Фрайбург соттук-медицинасы жабырлануучу зордукталганын, ошондой эле башына катуу нерсе менен урулганын аныктаган.