Бишкек шаарында жол оңдоочу менен жаңжалдашкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 12-августта болжол менен саат 11:00 чамасында Лев Толстой жана Садырбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда жол оңдоочу менен Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусунун ортосунда жаңжал чыккан.
Факт каттоого алынган. Милицияга жол оңдоочу арыз менен кайрылып, бирок соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан. Ал эми 47 жаштагы айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.