
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында акыркы суткада, 12-августта 38 өрт кырсыгы катталганын билдирди.
Маалым болгондой, өрттү өчүрүүгө 42 күжүрмөн эсеп тартылды.
"Бишкек шаарында 6, Ош шаарында 2, Ош облусунда 6, Чүй облусунда 9, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 5, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткенде 2 өрт кырсыгы болду",- деп жазылат билдирүүдө.