Биз социалдык тармакта

Бразилияда завод жарылып, 9 адам каза болду

Бразилиянын Парана штатындагы жарылуучу заттарды өндүрүүчү заводдо жарылуу болуп, тогуз адам каза болду. Бул тууралуу штаттын губернатору Ратиньо Жуниор билдирди.

"Мен Куатру-Баррас шаарында болгон жарылуудан тогуз адамдын көз жумушуна терең кайгырып жатам",- деп жазды ал социалдык тармактагы X баракчасына.

Губернатор окуяга байланыштуу кайгыруусун билдирип, кырсык себептери азыр иликтенип жатканын маалымдады.

Agencia Brasil агенттигинин маалыматына караганда, жарылууда дагы жети жумушчу жаракат алган, бирок дарыгерлердин көзөмөлүнөн өткөндөн кийин үйлөрүнө жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан