
Жаратылыш министрлигинин жетекчилигинин атынан мессенжерлерде жана социалдык тармактарда жалган билдирүүлөр тарап жатат. Бул тууралуу мекеме кабарлап, жарандарды сак болууга чакырды.
"Шылуундар министрликтин жетекчилеринин атынан өзүн тааныштырып, белгисиз номерлерден билдирүүлөрдү жөнөтүп, “белгилүү бир маселелерди чечүүгө жардам берүү“ же акча которуу тууралуу сунушташууда. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер",- деп жазылат анда.
Министрлик мындай билдирүүлөргө ишенбөөнү, шектүү шилтемелерге өтпөөнү жана жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга бербөөнү катуу сунуштайт.