"Акыркы сабак", "Агай" сериалдарында жана бир нече тасмаларда башкы каармандын
образын жараткан актёр Бактияр Шаршенбаев уулдуу болду. Бул тууралуу актёр мырза социалдык тармактагы баракчасына жазып, сүйүнчүлөдү.
Билдирүүгө караганда, Шаршенбаев 9-августта уулдуу болгон.
"Кош келдиң, уулум",- деп жазды актёр.
Белгилей кетсек, түгөйлөр былтыр бош кошушкан.