Быйыл жыл башынан бери Баткендин "Алтын-Аймак" ишканасы тарабынан 75 тонна кургатылган мөмө-жемиш Америкага экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндө жайгашкан "Алтын-Аймак" ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган заманбап ишкана болуп саналат.
Ишкананын суткасына 10 тонна өндүрүш кубаттуулугу бар. Ишкана эки негизги цехтен турат: күндүн энергиясын колдонуп чийки продукцияны тез жана сапаттуу кургатуу, ошондой эле кайра иштетүү жана таңгактоо линиялары.
Жайында ишкана эки нөөмөттө 40-50 жумушчу менен иштеп, жергиликтүү тургундарга жумуш орундарын түзүп жатат.