Биз социалдык тармакта

Бишкекте "Селсаяк" рейди өтүп, 24 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери менен биргеликте "Селсаяк" аттуу профилактикалык иш-чараны жүргүзүүдө.
Бир күн ичинде өздүк документтери жана туруктуу жашаган жери жок 24 жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди. Алар тиешелүү тартипте сүрөткө тартылып, манжа издери алынып, каттоого коюлду. Ар бири менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары 5 жаранга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси боюнча административдик протокол түзүлүп, Ленин райондук сотунун чечими менен 5 суткага камакка алынды.
Аталган иш-чаралар коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого, ошондой эле укук бузуулардын алдын алууга багытталган.
13.08
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан