Биз социалдык тармакта

Дүйнө чемпиону болгон шахматчы Эдиса акчалай сыйлык алды

Ысык-Көл облусунун башчысы Бактыбек Жетигенов мектеп окуучулары арасындагы дүйнөлүк шахмат чемпиондугунда алтын медаль тагынган 14 жаштагы Эдиса Бердибаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, турнир АКШда өткөн. Жолугушууга Эдиса менен кошо анын машыктыруучулары жана шахмат боюнча устаттары да катышышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Жетигенов жаш спортчуга кайрылып, анын жеңиши - Ысык-Көл облусунун гана эмес, бүтүндөй өлкөбүздүн сыймыгы экенин белгиледи.
"Эдиса, өзүнүн өжөрлүгү, таланты жана максатка умтулуусу менен миңдеген балдарга жана ата-энелерге дем берет. Артка кайтпай, аракет кылсаң, ар кандай бийиктикти багынтууга болорун далилдеди",- деди ал.
Жогорку жетишкендиктери үчүн Эдиса Бердибаевага 200 миң сомдук сертификат, анын жеке машыктыруучусу Дамир Талапкерге 100 миң сомдук сертификат тапшырылды. Ошондой эле аймактагы шахмат спортунун өнүгүшүнө зор салым кошкон машыктыруучулар ыраазычылык каттары менен сыйланышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан