Биз социалдык тармакта

Түркияда мейманканалардагы “баары камтылуу” системин алып салуу сунушталууда

Түркиянын бийлиги мейманканалардагы “швед столу” (all inclusive) системинен баш тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууда.

Чет элдик ЖМКлар билдиргендей, анын максаты ысырапкорчулукту азайтуу. Президент Режеп Тайып Эрдоганга сунушталчу атайын доклад даярдалып, Айыл чарба жана азык-түлүк саясаты боюнча кеңеш тарабынан иштелүүдө.

Авторлор "баары камтылган" системинин ордуна "а-ля карт" (à la carte) форматына өтүү сунушталууда. Анда мейманкананын ар бир кардары өзү жей турган өлчөмдө гана тамак буюртма кыла алат.

Маалыматтарга ылайык, Түркияда ар жылы 23 миллион тоннадай азык-түлүк таштандыга кетет. Анын негизин жашылча-жемиш жана нан азыктары түзөт. Бул бир адамдан жылына 102 килограмм тамак калдыгы калып жаткандыгын белгилейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан