Биз социалдык тармакта

Чүйдө 83 жаштагы Калык Калмаматов дайынсыз жоголду

Чүй облусунда дайынсыз жоголгон Калмаматов Калык изделүүдө. Бул тууралуу Чүй милициясы билдирди.
Сокулук РИИБиге 1984-жылы туулган Жаңы-Жер айылынын тургуну К.А. 1942-жылы туулган атасы Калмаматов Калыкты табууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп кайрылды.
Арыз ээсинин айтымында, 12-августка караган түнү Калык Калмаматов үйүнөн чыгып кеткен бойдон, ушул убакка чейин анын жүргөн жери белгисиз.
Бул факт Сокулук РИИБинде каттоого алынган. Жоголгон учурда үстүндө сүрөттө көрсөтүлгөн кийимдер болгон.
"Эгерде сиздерде Калмаматов Калыктын жүргөн жери боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: (0312) 60-75-67; (0558) 86-14-86; 102",- деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан