Биз социалдык тармакта

Дагестанда үйлөнүү үлпөт той каргашалуу окуя менен аяктады

Дагестандын Рутул районундагы таштак жолдогу жарыш трагедия менен аяктады.

Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, үйлөнүү үлпөтүндө жүргөн эки жеңил унаа жарышып баратып кулап түштү. Окяда бир адам каза болуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилди.

Республика ИИМинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 19 жаштагы айдоочу жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактабастан 18 жаштагы айдоочунун унаасын сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен сүзүлгөн унаанын 20 жаштагы жүргүнчүсү жеринде жан берди.

Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан