Орусиядагы Ленинграддын Сертолово шаарында таксист болуп эмгектенген өзбекстандык мигрант 16 жаштагы кызды зордуктаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Окуя 12-августта күндүз болгон. Жашы жете элек кызга карата мыйзамсыз аракеттерди 26 жаштагы жигит Hyundai Solaris унаасы менен баратканда жасаган.
"Жабырлануучунун атасы окуя боюнча милицияга кабарлап, кылмышка шектүү кармалды. Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси чечилип жатат", - деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча Ички иштер министрлигинин, прокуратуранын жана Тергөө комитетинин өкүлдөрүнөн расмий маалымат берилген жок.