Биз социалдык тармакта

Бишкек-Нарын аба каттамы качан ачылары белгилүү болду

4-сентябрдан тартып мамлекеттик "Asman Airlines" авиакомпаниясы Бишкек - Нарын багыты боюнча туруктуу түз аба каттамын ачат. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта "Кыргызстан аэропорттору" ишканасынан билдиришти.

Маалымат боюнча, аба каттамы 40 мүнөттү өзүнө камтыйт. Билет баасы 2100 сомдон башталат.

"Каттамдар замандын талабына жооп берген, ыңгайлуу учактарда аткарылат. "Asman Airlines" өлкө ичиндеги каттамдардын географиясын кеңейтип, Кыргызстан боюнча сапарларды тезирээк, ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылууну улантууда",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан