Биз социалдык тармакта

Вьетнамда Трампка гольф-клуб куруу үчүн дыйкандарды талаадан чыгарып жатканы айтылды

Вьетнамда Дональд Трамптын гольф-клубун куруу үчүн дыйкандар талааларынан чыгарылып жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Дыйкандарга чарчы метри үчүн 30 АКШ долларына чейин төлөнөт. Фермерлердин айтымында, бул жалпы сумма алардын орточо жылдык эмгек акысынан да аз болот.

Гольф-клуб — Трамп үй-бүлөсүнүн бизнеси менен Вьетнамдын алгачкы биргелешкен долбоору. АКШ лидери бул мүмкүнчүлүктү Ханой жана Вашингтон ортосундагы соода келишимдери боюнча сүйлөшүүлөрдө алган.

Талаанын жалпы аянты — 990 гектар. Вьетнамдык өнөктөштөр Trump Organization брендин колдонуу укугу үчүн 5 миллион доллар төлөшөт, бирок клубду башкаруу укугу АКШ президентинин компаниясында калат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан