Биз социалдык тармакта

Газа секторунда ачарчылыктан каза болгондордун саны 235ке жетти. Алардын 106сы балдар

Бүгүн, 13-августта жарыяланган маалыматка ылайык, Газа секторунда ачарчылык жана жетишсиз тамактануунун айынан каза болгондордун жалпы саны 235ке жетти, алардын ичинен 106сы — балдар. Бул тууралуу анклавдын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалым болгондой, акыркы 24 саат ичинде ачарчылыктан дагы 8 адам каза болгон, анын ичинен үчөө бала. Ошондой эле бир сутка ичинде 123 адамдын жансыз денеси ооруканага жеткирилген, 437 киши жаракат алган.

4-августта БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк билдиргендей, Израилдин Газа секторундагы жөнөкөй жарандарды азык-түлүк менен камсыздоодон баш тартуусу адамзатка каршы кылмыш катары каралышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан