Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда сел жүрөт. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта ӨКМден билдиришти.
Маалым болгондой, Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүндө 14-августтан 15-августка чейин туруксуз аба ырайы болору айтылган. Буга байланыштуу Ысык-Көл облусунда күтүлгөн нөшөрлүү жаан-чачындан улам тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
- тоолордо, дарыя жээктеринде эс алуудан алыс болуңуз;
- арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;
- турак үй жайгашкан жерде жаан суулары агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз.