Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев үйлөндү. Примбердиев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында келинчеги менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.
"Менин назик, мээримдүү сулуум! Сени сүйөм. Баса, башка кыздар мага тийишмей жок, ээ? Менин сүйүктүү келинчегим бар", - деп жазган ал.
Эске салсак, буга чейин ырчынын үй-бүлө курганы боюнча маалыматтар социалдык тармактарда тараган. Бирок ырчы расмий түрдө тастыктаган эмес болчу.