Биз социалдык тармакта

Балдарын мектепке каттата албаган ата-энелер Агартуу министрлигине барышты 

Бүгүн, 13-августта ар кандай себептерден улам балдарын мектепке 1-2-класстарга каттата албай калган айрым ата-энелер Агартуу министрлигине барышты. Ведомствонун жетекчиси Догдуркүл Кендирбаева алар менен жолугуп, арыз-муңдарын жана сунуш-пикирлерин укту.
Министрликтен билдиришкендей, Кендирбаева тынчсызданууга негиз жоктугун, жашы жеткен бардык балдар мектепке кабыл алынарын, бирок ар бир мектептин долбоордук кубаттуулугун да эске алуу керектигин баса белгиледи.
Жолугушууга министрдин орун басарлары Надира Жусупбекова, Альберт Махметкулов, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева да катышып, көтөрүлгөн маселелерди чечүүнүн мыйзамдуу жолдорун сунушташты.
Белгилей кетсек, бүгүн эч бир мектепке кабыл алына элек балдар үчүн айрым мектептерде 1-2-класстарга кошумча квоталар ачылган. Мектепке кабыл алуунун экинчи этабы ушул жылдын 15-августунда аяктайт. Ушул тапта мектепке каттоо электрондук форматта 1mektep.edu.gov.kg порталы, «Түндүк» тутуму, ошондой эле MegaPay, МБанк жана МойО!+Банк кызматтары аркылуу жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан