Бүгүн, 14-декабрда Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов борбор шаардагы пенсионерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда мэрия тарабынан бир жыл ичинде жасалган иштер тууралуу сөз болду. "Сиздер менин биринчи жардамчым болосуздар, анткени шаар үчүн чын дилден колдоо көрсөтүп келесиздер",- деди мэр.
Иса Өмүркулов ошондой эле 2012-жылдын аягында же 2013-жылдын башында жаңы, заманбап 80 троллейбус шаарга кызмат кылууга кирише турганын айтты.