Биз социалдык тармакта

Лев Толстой көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Бишкекте оңдоп-түзөө иштеринен кийин Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, капиталдык оңдоо иштеринин алкагында жолчулар тарабынан эски асфальт алынып, жаңы бордюрлар орнотулуп, эки катмар асфальт-бетон аралашмасы төшөлдү жана жол кыймылын уюштуруу схемасы жаңыртылды.

Жаңы эрежеге ылайык, Логвиненко менен Панфилов ортосундагы тилкеде тыгынды жоюу максатында көчө кеңейтилип, солго бурулууга тыюу салынды. Кирүү эми Кулатов жана Түгөлбай ата көчөлөрүндөгү айланма жолдор аркылуу жүргүзүлөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан