Эртең, 14-августта күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +31…+36, Талас өрөөнүндө +26…+31, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +24…+29 градуска көтөрүлөт.
Ал эми борбор калаа Бишкек менен Ош шаарында күндүн табы +33…+35 градуска жетет.