
Маданият министринин биринчи орун басары
Союзбек Надырбеков Жалал-Абад жергесиндеги 52 маданият мекемесин текшерип чыкты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Анда материалдык-техникалык абал, кызматкерлердин иш шарттары жана маданий иш-чаралардын уюштурулушу боюнча маселелер көтөрүлдү.
Министрдин орун басары мекемелердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берип, маданият мекемелеринин ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды айтты.
Иш-сапар Токтогул районунан башталып, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак жана Тогуз-Торо аймактарына чейин уланды.