Оштун Араван районунда дайынсыз делип изделип жаткан 12 жана 7 жаштагы кыздар табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 13-августта милицияга Керме-Тоо айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну кайрылып, кыздары 12-август күнү үйдөн чыгып кетишкен боюнча кайтып келишпегенин билдирген.
Факт каттоого алынып, издөө иштери башталган. Натыйжада өспүрүмдөр 13-август күнү саат 15:00 чамасында Керме-Тоо айыл аймагынын Пахта-Арал айылындагы таенесинин үйүндөгү бак короосунда жүргөн жеринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.