
13-августта транспорт жана коммуникациялар министри
Абсаттар Сыргабаев Казакстандын транспорт министри
Нурлан Сауранбаев менен жолугушту.
Жолугушууда Сыргабаев “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу эл аралык маанидеги Каракол-Алматы жана Чолпон-Ата-Алматы автобустук каттамдары ачууну, кыргыз жүк ташуучулары үчүн уруксат кагаздарын кошумча көлөмдө алмашуу маселелерин көтөрдү.
Ал эми Сауранбаев аталган маселелер боюнча макулдугун билдирди.
Мындан тышкары, казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоо жана өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу тууралуу маселелерди көтөрүп, бул багытта эки тарап бирдиктүү багытта иш алып барууну макулдашышты.
Тараптар жалпы жол жана транспорт багытындагы актуалдуу маселелерди талкуулап, мындан ары дагы эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү макулдашышты.