Токмок шаарында "Золотой родник" кафеси толугу менен күйүп кетти. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланды.
Маалыматка ылайык, өрт 13-август күнү саат 15:00 чамасында чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, жалын бат жайылып, имарат толугу менен күйүп кеткен.
Өрт өчүрүүчүлөр окуя болгон жерге 10-15 мүнөт ичинде жеткен, бирок ал убакка чейин имарат толугу менен күйүп кеткен.
Кырсыктан жабыркагандар жок.