Биз социалдык тармакта

Нарын шаарындагы борбордук стадиондун курулушу кызуу жүрүүдө

Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” борбордук стадионунун курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, стадион 4500 орунга ылайыкталган, жалпы аянты 3,6 гектарды түзөт.
"План боюнча эки кабаттуу административдик имаратта дарыгердин бөлмөсү, конференция залы, футболчулардын кийим алмаштыруу, эс алуу, допинг текшерүү жана машыктыруучунун бөлмөсү каралган. Ал эми футбол аянтчасы эл аралык нормалардын негизинде салынат. Ошондой эле VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү үчүн да бардык шарттар каралат.
Курулуш иштери Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө",- деп белгиленди маалыматта.
Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, курулуш иштери быйыл башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан