Биз социалдык тармакта

Курулуш министрлиги өлкө боюнча 573 социалдык объектте курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыгы айтылды

Курулуш министрлиги тарабынан жалпы 573 социалдык объектте курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу министрдин орун басары Талантбек Иманакун уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын ичинен 178 мектеп, 98 бала бакча, 21 саламаттык сактоо объекти, 12 маданият үйү, 35 спорт комплекс жана 18 административдик мекеме, инженердик тармактар жана 29 таза суу менен камсыз кылуу объекттери курулууда.
Ал эми калган 182 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Капиталдык оңдоодон өтүп жаткан объекттердин 127си мектеп, 18и бала бакча, 19у саламаттык сактоо мекемеси, 11и маданият, 2 спорт тармагындагы мекеме жана 1 автобекет.
Кошумчалангандай, Курулуш министрлиги тарабынан жыл сайын Эгемендүүлүк күнүнө карата 100 объект пайдаланууга берилип келген болсо, быйыл 100дөн ашык объектти ишке берүү пландалууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан