Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардагы көчөлөрдү кыдырып, текшерүүдө. Ал калаадагы көчөлөрдүн биринде жөө өтмөк жасалган жерди көрүп ачууланды. Бул тууралуу видео социалдык тармакка тарады.
Анда Жунушалиев тиешелүү кызматтын өкүлүнө башы арыкка келип такалган чийинди көрсөткөн.
"Бишкек асфальт сервиспи", кайсы гений жасаган? Муну бир блогер чыгарса жасамаксың. Карачы, же коляска менен өтө албайт, такыр эле өтө албагыдай. Бул жакка келип жатасың, басып кой да кыдырып",- деп кол алдындагыларды тилдеди.