Биз социалдык тармакта

Таластагы Шумкар-Уя айыл аймагына 26 видеокамера коюлду

Талас районунун ички иштер бөлүмү тарабынан берилген сунуштун негизинде Шумкар-Уя айыл өкмөтү тарабынан 26 видеокөзөмөл камералары орнотулду. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Алар төмөндөгүдөй тартипте жайгаштырылган:

- 5 мектепте 12 видеокамера;
- 2 бала бакчада 4 видеокамера;
- 4 мечитте 8 видеокамера;
- Айыл өкмөттүн имаратында, калкты тейлөө борборунда 2 видеокамера.

"Орнотулган видеокамералар адамды жүзүнөн таанууга, 360 градуска айланууга ылайыкташып, Талас ОИИБинин Санарип кырдаал борборуна туташтырылган. Натыйжада нөөмөттө турган кызматкерлер тарабынан Шумкар-Уя айыл аймагы 24 сат бою көзөмөлгө алынат",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан