Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги азык-түлүк товарларынын бааларын жума сайын салыштырып мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Бишкек шаарындагы гипермаркеттердеги баалардын мониторингинин жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын 14-августуна карата социалдык маанилүү азык-түлүк түрлөрүнүн баалары ушул эле жылдын 5-августуна салыштырмалуу төмөндөгөндүгү байкалууда. Айрыкча жашылчалардын баасы кескин арзандады.
Негизги азык-түлүктөрдүн бааларындагы өзгөрүүлөр (сом жана пайыздык көрсөткүч менен):
Жашылча бааларынын төмөндөшү жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн жеткирүү көлөмүнүн өсүшү менен байланыштуу. Баалардын динамикасын мониторинг жүргүзүү үзгүлтүксүз улантылат.