Биз социалдык тармакта

"700 сомдон ашпашы керек". Айыл чарба министри эттин баасын төмөндөтүүнү тапшырды 

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына этке болгон дүң бааны төмөндөтүү боюнча тапшырманы койду.
Андан сырткары, дагы бир тапшырмага ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын көзөмөлдөө боюнча тапшырма жүктөлдү. Ага ыйлайык, этке болгон баа 700 сомдон төмөн болушу керек.
Ошондой эле Бакыт Төрөбаев мамлекеттик ишканаларга уйдун этин сырттан алып келүү боюнча кошумча тапшырма берди.
Белгилей кетсек, буга чейин Бакыт Төрөбаевдин төрагалыгы алдында июль айынын соңунда ведомстволор аралык өткөн жыйында эттин баасына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизиле тургандыгы маалымдалып, базарда этке болгон баа акырындык менен түшө баштаган болчу. Анда Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына мал ташуучу жеке ишкерлердин ветеринардык-санитардык көзөмөлүн күчөтүү, Чек ара кызматы менен биргелекте аткезчилик менен күрөшүү боюнча конкреттүү тапшырмалар коюлган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан