Биз социалдык тармакта

Өзгөн шаарында жаңы спорттук комплекс ачылат 

23-август күнү Ош облусунун Өзгөн шаарында Зулпукар Ормонов атындагы жаңы спорттук комплекстин салтанаттуу ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Майрамдык иш-чара саат 17:30да башталып, көрүүчүлөргө кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерт тартууланат.
Кеченин негизги бөлүгү - Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын 18-турунун алкагындагы "Өзгөн" жана "ОшМУ" командаларынын беттеши болмокчу. Беттештин башталышы саат 20:30га белгиленген.
Бул спорттук жайдын ачылышы - аймактагы спорттук базаны өнүктүрүүдөгү жаңы этаптын башталышын билдирет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан