Бүгүн, 13-август Баткен шаарында “Мамлекеттин өзөгү - үй бүлө” аталышында 25 жуп жаш жубайлардын үйлөнүү иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу президнттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Аталган иш-чараны жергиликтүү бийлик жана Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясы уюштурган. 25 жубайга нике күбөлүктөрү берилип, нике шакектери тапшырылды.
Иш-чаранын максаты - үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө, жаштардын келечегине дем берип, коомчулукту бир максатка бириктирүү, кайрымдуулук маданиятын жайылтуу жана социалдык колдоо көрсөтүү.