Жалал-Абадда өзүнүн кылмыш ишин жеңилдетүү максатында милицияга пара сунуштаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Белгиленгендей, шектүүгө буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Эми Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерине 50 миң сом өлчөмдөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1994- жылы туулган С.у.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөө амалдары улантылууда.