Бишкек шаарында Дэн Сяопин кең көчөсүнүн айрым бөлүктөрүндө жүрүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу 18 автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Маалыматка ылайык, төмөнкү автобустук каттамдардын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү: №10Т, №25, №42, №17, №40, №9, №166, №145, №14Т, №13, №212, №15, №35, №32, №45, №254, №215 жана №38.
Белгилей кетсек, жогорудагы каттамдардын жүрүүсү башка көчөлөргө багытталды.
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун жаралган абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат жана жол тыгындарын болтурбоо үчүн жеке унаанын ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.