Бүгүн, 14-августта Ош шаарындагы Сүйүмбаев көчөсү Алымбек датка көчөсүнөн Атабеков көчөсүнө чейин асфальт басылып бүтүп, эки тараптуу болуп ачылды.
Жолдун ачылышына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев катышты. Өз кезегинде тургундар мэрге ыраазычылыктарын айтышты. Арасынан Токторбаевге арнап жазылган ырын окуп бергени да болду:
"Оомат келди Ошума,
Сүйнчү элим, сүйүнчү.
Ак дилден арнап мээнетин
Жамааты менен тынбастан.
Азан менен жарышып,
Ак эмгек арнап турасыз.
Жаңырып көчө, булуң-бурч,
Кулпуруп барат күн санап..." - деди жергиликтүү тургундардын бири.