
Өзгөчө кырдаалдар министри
Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунда ӨКМдин курулуш тармагы тарабынан курулуп жаткан мамлекеттик имараттардагы жумуштардын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Министр эгемендүүлүк майрамына карата пайдаланууга берилүүчү жаңы административдик имараттардагы курулуш иштерин жеринен көрүп, сапаттуу жана ыкчам бүткөрүү мезгил талабы экенин белгиледи.
Мындан сырткары Жалал-Абад шаарында 5 миң орундуу спорт сарайы, облустук оорукана жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамына жаңыдан салынып жаткан имараттардагы жумуштун ыргагы менен таанышып, сапатына өзгөчө көңүл буруу талабын койду.
Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курулуш тармагы акыркы 4 жылда бир топ ири курулуштарды өз мөөнөтүндө сапаттуу бүткөрүп келет.