
Эртең, 15-августта күндүз тоолуу аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад аймактарында +30...+35, Талас жергесинде +26...+31, Баткен облусунда +29..+34, Ысык-Көлдө +29...+29, Нарын өрөөнүндө +25...+30 градуска көтөрүлөт.
Ал эми борбор калаа Бишкек менен Ош шаарында күндүн табы +32...+34 градуска жетет.