Кечээ, 14-августта АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноем Дональд Трамп экинчи мөөнөткө шайланып келгенден бери болжол менен 1,6 миллион мыйзамсыз мигрант өлкөдөн чыгып кеткенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"200 күнгө жетпеген убакытта 1,6 миллион мыйзамсыз иммигрант АКШдан чыгып кетти. Бул абдан чоң көрсөткүч",- деп жазган ал өзүнүн X аккаунтунда.
Ноем бул америкалык билим берүү жана медициналык мекемелердин жүгүн азайтып, жарандарга көбүрөөк жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн сактап калууга мүмкүндүк бергенин, ошондой эле көчөлөр коопсуз болгонун белгиледи.
Эске салсак, 5-майда АКШнын Ички коопсуздук министрлиги мигранттардан уруксатсыз чыгып кеткени үчүн 1000 доллар төлөнөрү тууралуу маалыматты жарыялаган.