Аламүдүн районунда таксинин айдоочусу карыган кардарына бычак сайып, баалуу буюмдарын тартып алган

Аламүдүн районунда таксинин айдоочусу өзүнүн карыган кардарына бычак сайып, баалуу буюмдарын тартып алган. Бул туурасында бүгүн, 15-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.    

Маалыматка ылайык, 24 жаштагы айдоочу 9-январь күнү 18:30дар чамасында Совет жана Кирпичная көчөлөрүнүн кесилишинде унаанын ичинде кардарына кол салган. Ага бычак шилтеп, коргонуусуз абалга келген аялдын колунан уюлдук телефонун, алтын сөйкөсүн, алтын шакегин жана 3500 сом өлчөмүндөгү акчасын тартып алган. Андан соң аялды окуя болгон жерде таштап, из сууткан.

Жыйынтыгында 54 жаштагы жабырлануучу айым оор абалда ооруканага жеткирилген.  

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 24 жаштагы жаран колго түштү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан