Ак үй АКШ президенти Дональд Трамптын Орусия лидери Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Аляскага болгон сапарынын графигин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Трамп Анкоридж шаарына саат 06:45те (Бишкек сааты менен 16:45) конот. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө (Бишкек сааты менен 01:00) ал Анкориджде Орусиянын президенти менен эки тараптуу программага катышат.
Жүгүртмөдө көрсөтүлгөндөй, Трамп Анкориджден саат 21:45те (Бишкек сааты менен 07:45) кетет.
Буга чейин Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков Путин менен Трамптын жолугушуусу Анкориджде жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:30да (Бишкек сааты менен 01:30) башталарын маалымдаган.