Айыл чарба министрлиги тарабынан 15-августка карата Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө азык-түлүккө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгында төмөнкүдөй жыйынтыктар аныкталды:
Өлкөдөгү баалар төмөнкүдөй:
- уй эти – 667,5 сом,
- кой эти – 681,3 сом,
- каймак май – 634 сом,
- өсүмдүк майы – 151 сом,
- сабиз – 56,5 сом,
- пияз – 38 сом,
- картошка – 42 сом,
- тоок жумурткасы – 87 сом.
Казакстанда:
- пастерленген сүт – 100 сом,
- картошка – 41 сом,
- сабиз – 50,4 сом,
- өсүмдүк майы – 176,4 сом,
- жумуртка – 121 сом,
- каймак май – 733 сом
Орусияда баалар төмөнкүдөй:
- кой эти – 732 сом,
- картошка – 71,4 сом,
- пияз – 64 сом,
- жумуртка – 121 сом,
- каймак май – 868 сом,
- нан азыктары – 135,5 сом.