Ош шаарынын башчысы Жеңишбек Токторбаев мэриянын карамагындагы эскилиги жеткен атайын техникаларды кызматкерлерге бекер берүүнүн жолун караштыруу керектигин айтты.
Ал жакында эле мэрияга жаңы атайын техникалар алынганын эске салды.
"Эски техникалардын бардыгын токтотосуңар. Комиссия түзүп, мыйзам чегинде 15-20 жыл иштеп жаткандарга бекер белек кылып бергиле. Эгер мыйзам жол берсе гана. Мыйзам жол бербесе наркын төмөндөтүү менен сатабыз. Алар алса акчасын кассага төлөшөт. Өткөндө "Жашылдандырууда" иштеген бир аксакалдан сурасам, иштегенине 37 жыл болуптур. Ал 37 жылда бир эски трактор үчүн эмгек өтөп койду",- деди ал.