Токмок шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Токмок шаарынын кире беришин жана айлана-чөйрөсүн көрктөндүрүү боюнча эскиз иштелип чыгып, сунушталууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги бүгүн, 15-августта билдирди.
"Бул сунуш шаарды эстетикалык жактан жакшыртуу, заманбап стандарттарга ылайык көрктөндүрүү жана жашоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт",- деп жазылат билдирүүдө.