Биз социалдык тармакта

Жалал-Абаддагы "экс-бандиттер" кылмыш дүйнөсүнөн баш тартышты

Жалал-Абад облусунда “Бандит” аталышында иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта облустук милициянын басма сөз кызматы билдирип, УКМКнын, Жалал-Абад ОИИБинин, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөндүгү белгилүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган жалпы 47 жаран аныкталып, 13ү милицияга жеткирилди. Алардын манжа издери алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле УКМК тарабынан Сузак районунун 2003-жылы туулган М.С. жана К. уулу С. аттуу 2 тургуну кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) 2-пункту менен камакка алынды.

Жыйынтыгында каттоодо турган 13 уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясынан баш тартып, мыйзам талаптарын сактоого милдеттенме алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан