
Египеттеги автобус кырсыгында жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Египетте кошумча аккредиттелген, Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышачылыгындагы Элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн оперативдүү текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган автобуста жана жабыркагандардын катарында Кыргызстандын жарандарынын бар экени тууралуу маалымат тастыкталган эмес", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, кечээ орус басылмалары Египеттеги туристтик автобус кырсыкка кабылып, Орусия, Украина жана Кыргызстандын жарандары жабыркаганын жазышкан.