
Эртең, 16-августта күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас өрөөнүндө +28…+33, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көл жеринде +24…+29, Нарын облусунда +26…+31 градус болот.
Ал эми борбор калаа Бишкекте күндүн табы +33…+35 градус болсо, Ош шаарында +32…+34 градус ысык болот.