Бүгүн, 15-январда Бишкек шаарынын 38 жаштагы тургуну Ж.Бактыбек унаасы менен бир адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул туурасында Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, айдоочу “Тазалык” муниципалдык ишканасына тиешелүү МАЗ КО-449 унаасын айдап жүргөн. Кырсык болгон жерден 41 жаштагы Жыргалбек каза болду. Учурда кылмышка шектүү кармалып, унаасы айып жайга токтотулган. Тергөө амалдары жүрүп жатат.